Ыйлабай, күлбөй, бир чечимге келиңиз! Ташиев депутат Сулаймановду какты

Эл өкүлү Теңиз Бөлтүрүк каражатты өзү билемдик менен чачып, аны өлкө жетекчилиги көрбөй жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Тиякты карап ыйлап, биякты карап күлүп атам деп кыйналбай бир чечимге келиңиз. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындай пикири менен депутатка кайрылды.
Эл өкүлү Кундузбек Сулайманов "Кумтөр" ишканасынын жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк Кумтөрдүн акчасын өлкө жетекчилиги менен кеңешпей туруп эле бөлүштүрөрүн айткан.
"Мамлекетке түшө турган каражатты ар кайсы жакка салып жаткан кээ бир азаматтардын айынан азыр минтип отурабыз. Эл алдында "мындай мыйзамды кабыл алба" дегенине карабай, "каргайын десем жалгыз балам, каргабайын десем байкуш балам" болуп баарыбыз аракет кылып жатабыз. 50 миллионго чейинки каражатты көрбөй калып жатасыздар. Сиздер менен кеңешпейби алар", — деди депутат.
Буга Ташиев "акча чачылып жатканын көрбөй жатат" деген пикир туура эместигин айтты.
"50 миллион доллар уурдап атыптыр, көрбөй жатасыңар дегениңер туура эмес. Биз баарын көрүп турабыз. Президент "Кумтөрдү" текшерүү боюнча Эсеп палатасын дайындаган. Биз дагы текшерип бүтөйүн деп калдык. Баятан бери эки-үч жолу тиякты карасам ыйлайм, биякты карасам күлөм деп айтып жатасыз. "Ыйлабаңыз, күлбөңүз, добушуңузду да бербей эле коюңуз. Конкреттүү бир чечимге келиңиз, кыйналып жүрө бербей", — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, учурда парламентте Кыргызстанда казино ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.
Ташиев: ыймандуу көрүнгөн депутаттар казинодон чыкпай жатып калганын билем