Сузакта спецназдан качкан тартип сакчыларынын видеосу

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ИИБдин кылмыш иликтөө боюнча ыкчам кызматкерлери пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Кадрга пара берүү учуру жана шектүүлөрдүн спецназдан качып бара жатканы тартылып калган.
УКМКнын версиясы боюнча, алар жасалма арыз материалдарын даярдашкан.

"Сузак районунун жашоочусун кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, жасалма арыз материалдарын даярдашкан. Кийин оң чечим чыгарып беребиз деп 40 000 сом талап кылышкан. Анын 25 000 сомун мурда алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр 15 миң сом алып жатканда колго түшкөн.
Факты боюнча "Пара талап кылуу" беренеси менен иш козголду. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Пара алды дешкен. Жапаров Жумгалдын сотун кызматынан убактылуу четтетти