Ала кийиктердин азык издеп сууга киргени биринчи ирет видеого тартылып калды. Уникалдуу кадрларды Приморье аймагындагы (Россия) "Земля леопарда" жаратылыш паркы жарыялаган.
Парктын сайтындагы маалыматта, кургакты сүйгөн бул жаныбарлардын жогорудагыдай жол менен кардын тойгузган учуру алды-кийин илимий эмгектерде жазылбаганы айтылат.
Кадрлар көлдүн жээгине орнотулган фотокапканга түшүп калган. Анда кийиктер бир топ убакытка чейин башы менен кирген тейде сууда жүрүп, акыры өзүнө жей турган чөп менен чыккан. Кийин адистер темгилдүү бул жаныбарлар көлдүн түбүнөн гидрофиттер — минерал менен пайдалуу заттарга бай чөптү таап чыкканын аныкташкан.
Кийиктер башын сыртка чыгарбай 2 секундадан 18 секундага чейин жүрүшкөн. Эркектери болжол менен 7,2 секунда, ал эми ургаачылары 9,5 секунда болгон.
Тема боюнча: