"Салык чек" лотереясы кайсы жерде кандай шартта ойнотулат? Расмий жооп

Акциянын биринчи турунда эки автоунаа, 10 iPhone, 10 Samsung, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында ойнотулуп, түз эфирден көрсөтүлөт. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акциянын биринчи туру 1-июлда жыйынтыкталып, лотерея атайын компьютердик программа менен капыстан тандап алуу генератору (рандом системасы) аркылуу ойнотулат. Байге ээлерин аныктоо концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолмокчу.
Ойнотуу учуру УТРКнын "Ала-Тоо 24" телеканалы жана башка мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт. Салык кызматынын социалдык тармактагы баракчаларынан дагы көрүүгө болот.
Лотереядан уткан жаран байгесин үч айдын ичинде алып кетиши керек, андан кийин берилбейт.
Белгилей кетсек, лотереяга катышуу үчүн жарандар "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып каттоодон өтүп, товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чекти (ККМ) талап кылышы керек. Андан кийин чектин QR-кодун сканерлеп чогулта берет.
Биринчи турда эки автоунаа, 10 iPhone, 10 Samsung, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер ойнотулат.
"Салык чек" Кыргызстанда эң көп колдонулган 4 тиркеменин катарына кирди