Москвадагы АКШ элчилигинин жанындагы аймак ДЭР деп аталмай болду

Мындай чечимди "Активный гражданин" порталына добуш берген тургундар кабыл алышты. Алар жалпы добуш берүүлөрдүн 44,69 пайызын түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Москвада АКШ элчилигинин жанындагы аймакка расмий түрдө Донецк Эл Республикасы деген аталыш берилди. Тиешелүү жарлыкка Москванын мэри Сергей Собянин кол койду.

"Москва шаарынын Борбордук административдик округундагы Большой Девятин көчөсүнөн Малый Конюшковский көчөсүнө чейин жайгашкан, аталышы жок аймакка Донецк Эл Республикасынын аймагы деген ат берилсин", — деп айтылат документте.

Мындай чечимди "Активный гражданин" порталына добуш берген тургундар кабыл алышты. Алар жалпы добуш берүүлөрдүн 44,69 пайызын түзгөн.
Шартка ылайык, эми бийлик шаардагы Луганск Элдик Республикасынын аты менен аталган дагы бир аянтты же көчөнү аныкташы керек.
Москва шаардык думасынын депутаттары Донбассты коргоочулардын атын Москванын картасында түбөлүккө калтырууну сунуштап, шаар бийлигине тургундардан түрдүү варианттар менен көптөгөн кайрылуулар түшкөн. Бийлик бул маселени жалпы шаардык талкууга алып чыкты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев делегациясынын башчысы: Россия менен сүйлөшүүдө Украинанын позициясы алсыз