Радио

Костюк: биздин бүтүрүүчүлөр Россия, Казакстан дипломдоруна да ээ болушат

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин деканы, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк аталган окуу жайдын магистранттарында кош дипломго ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
Sputnik
Журналистика факультетинин эки адистиги боюнча магистранттарга Россия Федерациясынын Алтай мамлекеттик университетинин жана Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин дипломдору да берилет. Бул тууралуу Ширин Костюк Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алдыда М.Ф. Решетнев атындагы Сибирь мамлекеттик илим жана технологиялар университети менен да кош диплом системасын киргизүү боюнча келишим түзүү пландалууда.
"Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети басма сөз, PR жана коомчулук менен байланышуу, ошондой эле журналистика багыттарында адистерди даярдап чыгарат. Бакалавр багытында контракттык негизде гана билим берилет, ал эми магистранттар кааласа бюджеттик же келишимдик негизде окуй алышат. Ошондой эле алар үчүн басма сөз адистиги боюнча Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин, буга катар PR жана коомчулук менен байланышуу адистигинде Алтай мамлекеттик университетинин да дипломдоруна ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. Магистранттар окуусун биздин жана чет мамлекеттеги университетте бир учурда уланта берет. Кадимкидей сабактардын жүгүртмөсүнүн негизинде онлайн катышып, балл алып, сынак тапшырып, жыйынтыгында эки дипломго ээ болуп чыгышат", — деди Костюк.
Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 90 жылдыгынын алкагында жайкы сессия уюштурулуп, ал жерде да аталган өлкөлөрдүн башка ЖОЖдору менен түрдүү келишимдер түзүлөрүн кошумчалады.