БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Борбор калаанын Биринчи май районуна караштуу Көлмө жаңы конушунда жайгашкан кампадан өрт чыкканын ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМден жети бөлүм, бир суу ташуучу унаа жана ыкчам топ тартылган.
"Өрт саат 8.08де чектөөгө алынып, учурда аны толук өчүрүү аракеттери уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик кошумча маалымат берилерин кошумчалады.