ККМ колдонгон ишкерлер кардарга чек берүүгө милдеттүү

ККМди колдонууга өтүү мөөнөтү министрлер кабинетинин токтому менен аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кассаны көзөмөлдөөчү машина (ККМ) колдонууга милдеттүү бардык ишкерлер сатып алуучуларга, керектөөчүлөргө кассалык чек бериши керек. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы жумада салык органдарына айрым соода түйүндөрүндө кассалык чек берилбей жатканын айтып, элден арыз түшө баштаган. Сатуучулар ККМ колдонуу жокко чыгарылды деген жүйө келтиришкен.
"Мамлекеттик салык кызматы ККМди колдонуу жокко чыгарылбагандыгын жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык чек бериши керектигин билдирет", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, ККМди колдонууга өтүү мөөнөтү министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтому менен аныкталган.
"Салык чек" лотереясы кайсы жерде кандай шартта ойнотулат? Расмий жооп