Украинанын экс-премьери Евробиримдик ыдырарын боолголоп, себебин айтты

Украиналык саясатчы Евробиримдиктин саясаты рационалдуу эмес деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Евробиримдиктеги "теңдештирүү" саясаты өнүккөн өлкөлөрдү биримдиктен чыгып кетүүгө мажбурлашы мүмкүн. Анткени алар уюмдагы башка өлкөлөр үчүн дагы акча төлөп келишет. Бул нерсени жарандар жактыра бербесин Украинанын мурдагы премьер-министри Николай Азаров РИА Новостиге курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул принциптин негизинде Евробиримдиктин бай өлкөлөрү башкаларын өзүнө теңдеш үчүн өз бюджетинен акча бөлүп турушу керек.
"Башкача айтканда, Германия, Франция, Нидерланддардын жарандары Евробиримдикке качандыр бир кезде кошуп алган, орто чарба өлкөлөр үчүн субсидия төлөшөт. Негизи бул каражат начар өнүккөн өлкөлөрдүн инфраструктурасын өнүктүрүү, жол куруу деген сыяктуу нерселерге жумшалышы керек. Бирок ал акча түбү жок чөнтөккө кетип, таланып-тонолуп жатат", — деди Азаров.
Мурдагы аткаминер Евробиримдиктин саясаты рационалдуу эмес деп эсептейт. Андыктан теориялык жактан Украинага багытталган каражат такыр эле башка максаттарга жумшалып кетиши мүмкүн экенин белгилөөдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц Украинанын сынына кескин жооп берди