"Рахмат, Кыргызстан!". Согуш каарын эске салган акциядан 12 сүрөт

"Эскерүү шамы" эл аралык акциясында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган шамдар күйгүзүлөт.
Sputnik
Акция 21-июнда саат 18:00дө Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында башталды. Ленинград блокадасынын эстелигинин алдына 3,5 миң шамдан турган инсталляция коюлду.
Ошондой эле ал жерде бир үзүм нан кармаган кыз, блокададагы Ленинграддын тургундарын өлкөгө алып келген поезд жана "Рахмат, Кыргызстан!" деген жазуу көрсөтүлдү. 3,5 миң шам Кыргызстанда өмүрү сакталып калган ленинграддык 3,5 миң балага арналган.
Мындан тышкары, акция 13 жашында "Ленинградды коргогондугу үчүн" медаль алган, Ленинград блокадасы боюнча кыргыз коомунун төрайымы Анна Кутановага арналды.
"Ал өмүр бою катаал күндөрдү эскерип, Кыргызстанга келип блокададан аман калгандарга кам көрүп жашаган", — деди "Жеңиш ыктыярчылары" кыймылынын координатору Анастасия Шевченко.
Эскерүү иш-чаралары "Жеңиш" аянтында жана башка бир катар конуштарда, анын ичинде Ош, Жалал-Абад, Кант, Чолпон-Ата шаарларында болот.
Акция Россия элчилигинин, Бишкектеги Россия үйүнүн, Ленинград блокадасы кыргыз коомунун жана "Жеңиш мурасы" фондунун колдоосу менен "Жеңиш ыктыярчылары" коомдук кыймылы тарабынан уюштурулду.
1 / 12

Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында "Эскерүү шамы" эл аралык акциясы өттү

2 / 12

Ленинград блокадасынын эстелигинин алдына миңдеген шам жагылды

3 / 12

Бул Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы

4 / 12

Акция ошондой эле Ленинград блокадасы кыргыз коомунун төрайымы Анна Кутановага арналды

5 / 12

Иш-чара Россия элчилигинин, Бишкектеги Россия үйүнүн, Ленинград блокадасы кыргыз коомунун жана "Жеңиш мурасы" фондунун колдоосу менен "Жеңиш ыктыярчылары" коомдук кыймылы тарабынан уюштурулду

6 / 12

Ага чоңдор гана эмес, балдар да катышты

7 / 12

3,5 миң шамдан турган инсталляция коюлду

8 / 12

3,5 миң шам – Кыргызстанда өмүрү сакталган 3,5 миң ленинграддык балага арналды

9 / 12

Акция "Жеңиш" аянтында да өттү

10 / 12

Бул жерде шамдардан "Мы помним" деген сөз жазылган

11 / 12

Эскерүү иш-чаралары Ош, Жалал-Абад, Кант жана Чолпон-Ата шаарларында болот

12 / 12

"Жеңиш" аянтындагы инсталляция 1 418 шамдан турат. Улуу Ата Мекендик согуш дал ушунча күнгө созулган