Бишкек — Ош жолунда кырсык болуп бир киши көз жумду. Видео

Кадрлардан жүк ташуучу унаанын кырсыкка учураганын, ошол жерде чоң тыгын пайда болгонун көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. - Sputnik. Бишкек - Ош жолунун 83-чакырымында жол кырсыгы катталды. Маалыматты Чүй облустук жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.
Кырсык болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Кадрлардан жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, ошол жерде чоң тыгын пайда болгонун көрүүгө болот.
Кайгуул кызматы кырсык бүгүн саат 20:15тер чамасында болгонун, бир адам окуя болгон жерде каза болгонун билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы окуя боюнча кийинчерээк толук маалымат берерин айтты.
Байтик айылында автоунаа оодарылып, 19 жаштагы айдоочу көз жумду. Сүрөт