Маданият министрлиги интернет жылдызы Бегимайга чет элдик сынакка катышууга жардам берет

Кыргызстандык Бегимай Турусбекова Бишкектин "Ынтымак" паркында дүйнөлүк хит ырларды аткарган видеосу соцтармакка тарап, заматта жылдызга айланган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Интернетте жаңыдан жылдызы жанган Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгын Маданият министрлиги ар тараптан колдоп эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшөт. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов аны менен жолукканда белгилүү болду.
Акыркы күндө коомчулукта чоң резонанс жараткан, аткаруу жөндөмү жана дарамети абдан жогору Бегимай Турусбековага Жаманкулов ийгилик каалап, анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого ала турганын билдирди.
1 / 3

Интернетте жаңыдан жылдызы жанган Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгын Маданият министрлиги ар тараптан колдоп эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшөт

2 / 3

Акыркы күндө коомчулукта чоң резонанс жараткан, аткаруу жөндөмү жана дарамети абдан жогору Бегимай Турусбековага Жаманкулов ийгилик каалап, анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого ала турганын билдирди

3 / 3

Тактап айтканда Турусбекованы Central Asia's Got Talent сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтөрүн, ошондой эле Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганын баса белгиледи

Тактап айтканда Турусбекованы Central Asia's Got Talent сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтөрүн, ошондой эле Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганын баса белгиледи.
Ошондой эле Бегимай Турусбекова буга чейин Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынан билим алганы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде окуп, бирок бүтпөй калганы белгилүү болду. Министр Турусбекованын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна жардам бере тургандыгын кошумчалады.
Интернетте жылдызы жанган Бегимай Турусбекова Бишкектин "Ынтымак" паркында дүйнөлүк хит ырларды аткарган видеосу соцтармакка тарап, заматта жылдызга айланган.
Интернет жылдызы Бегимай бүгүн да “Ынтымакта” ырдап, концерт аншлаг менен өттү. Видео