Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден: Украина чыры Россия менен Европанын кимиси чыдамкай экенин сынайт

АКШ башчысы Россия менен Украина боюнча Батыштын жалпы ишиндеги "кеткен жаракаларынан" коркпой тургандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Украинанын тегерегиндеги чатак Россия менен Европанын ортосундагы ким канчага чыдай алат деген таймаш болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Кайсы бир этапта ал орустар чыдап, көтөрүп кете алат же Европа чыдоого даяр болот деген күтүү оюнуна өтөт", — деген ал журналисттерге.
Байден бул аспект НАТОнун Испанияда боло турган саммитинде талкууга алынарын айтты.
Ал Россия менен Украина боюнча Батыштын жалпы ишиндеги "кеткен жаракаларынан" коркпой тургандыгын айткан.
Песков: Россия эми АКШ менен башкача сүйлөшөт