Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Япон депутаты: АКШ менен Улуу Британия Украинадагы чатакты күчөтүп жиберди

Депутат чагымчылыктын баары АКШ менен Улуу Британиядан келип жатат, буга Япония жетеленбеши керек деген пикирин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. АКШ менен Улуу Британия Украинадагы чатакты күчөтүш үчүн көп нерсе жасады. Мындай пикирин Япония парламентинин жогорку палатасынын депутаты Мунэо Судзуки РИА Новостиге берген маегинде билдирген.
"Бардыгы Украинанын былтыр, 23-октябрда, пилотсуз башкарылуучу Байрактарды коё бергенинен башталды. Бул көп нерсеге жол ачты. Путин анда сокку өзүнүн элине урулушу мүмкүн экендигин түшүнгөн соң аскерин кыймылга келтирди. Бирок бул жерден АКШ "Россия азыр кол салат, Россия кол салат" дей берип чагымчылык кылды. Бул жерде чагымчылдыктын ордуна пилотсуз аппараттарды колдонбоо керектигин Украинага катуу айтып, ал эми Путинди карманууга чакырыш керек болчу. Бул Америка президенти жасай турган кадам эле. "Азыр кол салат, кол салат" деп козутуштун кереги жок. Бул такыр туура эмес, ойго келбеген иш деп эсептейм. Андан соң "жетилик" өлкөсү, Британия чагымчылык кылган катуу билдирүү менен чыкты. Менин пикиримде, бул жерде чоң көйгөй болгон", — деген Судзуки.
Депутат Россия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун курчуп кетишине АКШ менен "жетиликтин" жоопкерчилиги зор деген пикирин кошумчалады.
"Америка — дүйнөлүк полиция эмес, Америка — дүйнөлүк финансылык мамлекет эмес. Ал муну таңуулашы гана мүмкүн. Бул чагымчылыктын баары АКШ менен Улуу Британиядан келип жатат. Ал эми Япония буга жетеленбеши зарыл", — деген Мунэо Судзуки.
Мунэо Судзуки тажрыйбасы мол саясатчы: быйыл анын парламенттин депутаты болгонуна 40 жыл толот. Учурда парламенттин жогорку палатасында "Ниппон исин" (Япониянын жаңылануу партиясы) партиясын жетектейт. Япон саясатында Россия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана тынчтык келишимин түзүүгө кызыкдарлыгы менен белгилүү.
Судзуки эки тараптуу мамилелердин тездик менен өнүгүшүндөгү маселелерде Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге көп ирет кеңешчи болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Россия Украинага кол салган жок