Байтик айылында автоунаа оодарылып, 19 жаштагы айдоочу көз жумду. Сүрөт

Жол кырсыгы Бишкек — Ала-Арча унаа жолунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Байтик айылында жол кырсыгы болуп, бир киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн саат 07:40та Бишкек — Ала-Арча жолунда түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Машина оодарылып, бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 19 жаштагы айдоочу каза болгону айтылды.
Ошто үрөй учурган жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды. Видео