Интернет жылдызы Бегимай бүгүн да “Ынтымакта” ырдап, концерт аншлаг менен өттү. Видео

Ырчы талантын баалап келгендерге ыраазычылыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Интернетте жаңыдан жылдызы жанган Бегимай Турусбекова бүгүн көпчүлүк үчүн ырдады.
Анын мындан бир нече күн мурун Бишкектин "Ынтымак" паркында дүйнөлүк хит ырларды аткарган видеосу соцтармакка тарап, заматта жылдызга айланган.
Көпчүлүктүн көңүлүн бурган талант бүгүн да аталган эс алуу жайда эл алдына чыгып ырдады. Турусбекова анын талантын баалап, дагы бир жолу ырын угууга келген күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар алты жылдан бери ырдабай калганын айтты.
Бүгүн интернет жылдыздын ырын угууга келгендер “Ынтымак” паркындагы амфитеатрга толуп, бут коёрго жер калбай калды.
Дмитрий Бивол кыргызстандыктарга кайрылып, ыраазычылыгын билдирди