Токаев: Путин менен жылуу мамиледе болгонума кубанычтамын

Токаев Петербург форумунан кийин Путин менен жолугуп жылуу маанайда сүйлөшкөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россиянын лидери Владимир Путин менен ортодогу жылуу мамиле үчүн кубанычта экенин билдирди.
“Ооба, ал (Путин — ред.) Казакстандын ишенимдүү союздашы болуп саналат. Мен мамлекет башчы катары Путин менен жылуу мамиледе болгонума кубанычтамын”, — деп айткан Токаев Катар экономикалык форумунда сүйлөп жатып.
Токаев ошондой эле Казакстан ДЭР менен ЛЭРди көз карандысыз өлкө катары тааныбай турганын билдиргенден кийин Путин нааразы болгон жокпу деген суроого да жооп берген.
“Жок, биз форумдан кийин эле дароо аябай жакшы жолугушуу өткөрдүк. Казакстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелерине байланыштуу конкреттүү маселелер боюнча сүйлөштүк. Ал аябай жайбаракат жана ишенимдүү болуп отурду”, — деди Токаев.
ЖМК: президент Токаев Александр Невский жана Манас ордендеринен баш тарткан