РФ ишкерлери Кыргызстандын кайсы тармагына инвестиция салса болот? Адистин жообу

Айнур Саманов Бишкекте өтүп жаткан Бишкек бизнес-форуму жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 / EXPO Eurasia 2022 өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. - Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлүнүн милдетин аткаруучу Айнур Саманов россиялык ишкерлерге КР экономикасынын кайсы тармагына инвестиция салуу пайдалуу экенин айтып берди.
Эске салсак, Кыргызстандын борборунда Бишкек бизнес-форуму жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 / EXPO Eurasia 2022 өнөр жай көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Россиядан жана башка бир катар өлкөлөрдөн келген көптөгөн компаниялардын өкүлдөрү катышууда.
Саманов белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү акыркы бир жылда кыйла өстү жана быйыл дагы өсүүдө. Мисалы, январь-апрель айларында 770 миллион доллардан ашты. Ал соода-сатык мындан ары да көбөйөт деп ишенерин кошумчалады.
Адис Кыргызстандагы россиялык компанияларды кызыктыра турган тармактарды да атады:
тоо-кен өнөр жайы;
гидроэнергетика;
агроөнөр жай сектору, мисалы, биргелешкен кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү. Кыргызстанда эмгек ресурсу да, сырьёлор да бар;
жеңил өнөр жай.
Сергей Лавров Бишкек бизнес-форумунун катышуучуларына каалоо-тилек айтты