Жапаров: эл аралык коомчулук бизди көз жаздымда калтырууда, байкашы керек эле

Мамлекет башчы туулган айылына тынымсыз барып турарын, мөңгүлөр көз алдында эле жоголуп баратканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү боюнча кырдаалды байкабай жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров британиялык The Independent басылмасына берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчы дүйнө жүзү кесепети тийип калышы мүмкүн болгон климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө дуушар болуп жатканын белгилеген. Анын айтымында, бул өзгөчө тоолуу өлкөлөргө тиешелүү, анткени тоолуу аймактар үчүн кыйла динамикалуу жана спецификалык мүнөзгө ээ. Мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн.
“Мына ошондуктан эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүнөн улам катуу жапа чеккен өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Ошону менен бирге климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүдө “климаттык адилеттүүлүк” концепциясынын маанилүүлүгүн эске алуусу кажет”, — деди Жапаров.
Президент белгилегендей, Кыргызстан дээрлик 10 миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы 20 жылдын ичинде суу ресурстарынын азайышына алып келген кылым карыткан мөңгүлөрдүн кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз.
“Адамдар климаттын өзгөрүшүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири катары айтышпайт. Анткени алар Кыргызстан сыяктуу өлкө жана ал жердеги көйгөйлөр тууралуу билишпейт. Эгер биз Улуу Британия же АКШ сыяктуу чоң мамлекет болгондо баары башкача болмок. Эл аралык коомчулук бизди байкабай калууда, бирок байкашы керек эле”, — деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчы туулган айылына тынымсыз барып турарын, мөңгүлөр көз алдында эле жоголуп баратканын айткан.
Ар бир туристке меймандостугубузду көрсөтөлү! Садыр Жапаров элге кайрылды