БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Россия Украинадагы атайын операция учурунда өзүнүн күчүн толук колдонбогонун билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия жаракат алган аюудай болуп турат… Кээ бир тараптар Украина менен кагылышта жеңилди деп бүтүмдү эрте чыгарып алышты. Бул (Россия — ред.) потенциалы чоң өтө күчтүү мамлекет. Мында анын бир бөлүгү гана ишке аралашты", — деди Моравецкий.
Польша премьер-министри шейшемби күнү Варшавада өткөн дипломатиялык корпустун жыйынына катышкан. Ал Европа биримдигинин кээ бир мамлекеттери украиналык аскерлердин куралды таштоосуна каршы эмес экенин кошумчалаган.
"Европа тилектештигине жарака кеткен. Украина куралын таштасын деген сунушту колдогон мамлекеттер бар", — деди ал.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Анын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.