Жапаров Мамкурулуш агенттигинин директорун алмаштырды

Жетыбаев буга чейин президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анын ордуна Нуртазин Жетыбаев дайындалган. Тиешелүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгону айтылды.
Жаңы келген директор Жетибаев 2021-жылдын декабрь айынан бери президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан. Мурда курулуш компанияларда директор болуп иштегени да маалым.
Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси алмашты