Мигранттар январь-апрель айында Кыргызстанга 773,1 млн. доллар жөнөттү

Каражаттын басымдуу бөлүгү, 737 миллион доллардан ашыгы Россиядан которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жыл башынан берки төрт айда Кыргызстанга чет жактан 773,1 миллион доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.
Мындай маалымат жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу жөнөткөн каражаттарына таянып алынган.
Каражаттын басымдуу бөлүгү, 737 миллион доллардан ашык сумма Россиядан которулганы белгиленди.
Эгер 2005-жылдан берки январь-апрель айындагы статистиканы салыштыра турган болсок, азыркы көрсөткүч рекорддук болуп саналат.
Ар кайсы жылдын алгачкы төрт айында которулган каражат тууралуу маалымат (700 миллион долларга чейин жеткен жылдар көрсөтүлдү):
2022 — 773,1 миллион;
2021 — 759,2 миллион;
2019 — 740,5 миллион;
2018 — 710,3 миллион.
Эгер биринчи кварталдагы маалыматты салыштырсак, январь-марттагы көрсөткүч үчүнчү орунда турган. Бирок апрелде Кыргызстанга ири суммада, тагыраагы, 255,2 миллион доллар которулган.
Улуттук банктын алтын запасынын наркы үч айдан бери тынымсыз түшүп жатат