Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай Россиянын санкцияларга каршы эки көзүрүн атады

Адис Москва антироссиялык чектөөлөрдү ийгиликтүү жеңип жатат деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Энергетикалык ресурстары менен азык-түлүк байлыгы Россиянын Батыш санкцияларына каршы күрөшүүгө мүмкүндүк берген башкы көзүрү болуп саналат. Мындай пикирин Кытай Коомдук илимдер академиясынын Россиянын экономикасын изилдөө бөлүмүнүн директору Сюй Полиндин "Гуаньча" порталына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Ал белгилегендей, Москва антироссиялык чектөөлөрдү ийгиликтүү жеңип жатат.
"Батыштын санкцияларына каршы күрөштө Россияга артыкчылык берген жагдай — энергетика жана азык-түлүк. Европада газдын баасы кыйла кымбаттап турган чакта Россия Евробиримдикке көгүлтүр оттун баасын дагы 30 пайызга көбөйтүп койду", — деди Полин.
Ал кошумчалагандай, Москванын эгин экспорттоо мүмкүнчүлүгү да чоң.
"Президент Путин быйыл өлкө 50 миллион тонна дан экспорттой алат деп билдирди. Бул Россия өз милдеттемелерин эч көйгөйсүз аткара алат дегенди билдирет. Эми кеп анын баасы кандай болорунда", — деди кытайлык адис.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Кремль Батыштын аракеттерин экономикалык согуш деп атап келет.
Песков: АКШ, ЕБ миллиондоп ачка калгандарга эмне деп жооп берерин ойлошу керек