Кыргызстанда канча таза кандуу тайган бар? Эксперттин жообу

2015-жылдан бери чогултулган базага 2 300 табыштама түшкөн, бирок анын баары таза кандуу болуп чыкпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 100дүн тегерегинде гана таза кандуу тайган бар. Бул туурасында "Кыргыз тайган" долбоорунун жетекчиси Болот Мураталиев Sputnik радиосуна билдирди.
Учурда Улуттук тарых музейинде "Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган" аттуу көргөзмө өтүп жатат. Анда кыргыз тайганы тууралуу тарыхый, археологиялык, этнографиялык материалдар жана артефактылар чагылдырылган.
Мураталиевдин айтымында, адистердин жоктугу жана ээлеринин ит багуу тууралуу билими жетишсиз болгондуктан таза кандуу тайгандын санын аныктоо кыйынга турат.
"Учурда аргындашып кеткен иттер аябай көп. Жарыштарда байге алуу үчүн аңчылыкка ылайыкталган иттерге жана көлөмүн чоңойтуу үчүн алабайга аргындаштырууда. Деген менен тукумун таза сактап калууну ойлонбой жатышат. 2019-жылы биз өлкөдөгү тайгандарга санак жүргүзгөнбүз. Ветеринардык инспекцияда 2015-жылдан бери электрондук база чогултулган. Андагы маалымат боюнча, 2 300 табыштама түшкөн, албетте, анын баары таза кандуу эмес. Менин баамымда жүздүн тегерегинде таза кандуу тайган бар", — деди эксперт.
Ошондой эле ал Кыргызстанда улуттук маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу үчүн тайгандарды багуу жайларын түзүү керектигин кошумчалады.
Ысык-Көлдө салбурун фестивалы өттү. Кызыктуу оюндан сүрөттөр