БИШКЕК, 21-июн. - Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Бишкек бизнес-форуму жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022/ EXPO Eurasia 2022 өнөр жай көргөзмөсүнүн ачылышында сөз сүйлөдү.
"Коопсуздук кеңешинин бул көргөзмөгө кандай тиешеси бар? Мен түздөн-түз деп айтар элем. Мындагы долбоорлор азык-түлүк, экономика, энергетика, билим берүү системасындагы коопсуздукка тикелей таасир этет. Демек, Коопсуздук кеңешинин компетенциясындагы маселе", — деди Иманкулов.
Ал белгилегендей, бул көргөзмөнүн мааниси абдан чоң. Анткени жарандар менен ишкерлер Россия экономикасынын жаңы жетишкендиктери менен тааныштырып, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдейт.
"Мен Россия тарапка көргөзмөнү уюштурганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул зор эмгек жана абдан чоң инвестиция экенин билем. Кыйынчылыктарга карабай, биздин россиялык өнөктөштөр иш-чараны өз эсебинен уюштурушту", — деп кошумчалады Иманкулов.
Эске салсак, Кыргызстандын борборунда Бишкек бизнес-форуму жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 / EXPO Eurasia 2022 өнөр жай көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Россиядан жана башка бир катар өлкөлөрдөн келген көптөгөн компаниялар катышууда.