Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгисиз курал Донецкидеги көп кабаттуу үйдүн короосун оюп кеткен. Видео

Түшкөн снаряддын кесепетинен үч адам жаракат алган. Алардын бири кичинекей бала экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Донецк шаарындагы Киев, Петров, Пролетар жана Куйбышев районунан кийин эл жашаган дагы бир аймак аткылоого кабылып, тургундарга зыян келди. Тагыраагы, көп кабаттуу үйдүн короосуна келип түшкөн снаряддын кесепетинен үч адам жаракат алган. Алардын бири кичинекей бала экени айтылды. Бул окуя боюнча видеону РИА Новости Тelegram-каналына жарыялады. Аталган агенттиктин журналисттер тобу белгисиз курал учуп келип түшкөн жерге барган.
Маалыматта короого түшүп, бир топ жерди оюп кеткен курал залп менен аткан реактивдүү тутумдун же батыштык куралдын ракетасы деп айтылууда.
Видеодон көп кабаттуу үйдүн батирлеринин айнектери, бет маңдай тараптагы курулуштун бир топ жерлери талкаланып кеткенин, айнектер чачырап кеткен жерлерден кандын издерин көрүүгө болот.
13-июндан бери украиналык аскерлер Донецк Элдик Республикасынын борборунун ар кыл аймактарын аткылоого ала баштады. Соккуга Киев, Петров, Пролетар жана Куйбышев районунун жашоочулары кабылууда. Каршылаштардын калибри 155 миллиметрлик "натолук" снаряддарды жаадырып жатканы айтылууда. Аткылоодон инфраструктура бузулуп, адам каза таткан.
Белгилей кетсек, тынымсыз аткылоодон улам ДЭР башчысы Денис Пушилин Россиядан "кошумча күч" сураганын расмий билдирген. Донецкинин мэри Алексей Кулемзин украин жоокерлеринин аткылоосун чыр уланып келе жаткан сегиз жыл ичиндеги эң катаал учурлардын бири деп атаган.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ эки күндөн бери тынбай аткыланып жаткан Донецк боюнча үн катты