Радио

Итибаев: Кыргызстанга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн туристтери кызыгууда

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев маалыматтын жетишсиздигинен Кыргызстан тууралуу билгендер аз экендигин айтты.
Sputnik
Түштүк Чыгыш жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташып, туристтердин агымын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Кайрат Итибаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан туризм жаатында стратегиялык мааниге ээ болгон маркеттерде Кытай, Түштүк Корея, Япония өлкөлөрүнө артыкчылыктуу көңүл буруп, аларга кызыктуу программа даярдашы керек.
"Кыргызстандын туризм потенциалы жогору экени айтылып келет. Бирок КМШ өлкөлөрүнөн тышкары биз тууралуу кабары жок мамлекеттер көп. Өлкөнү тааныштыруу максатында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду эки мамлекетте Roadshow уюштурду. Бириккен Араб Эмирлигинде жана Индияга атайын программа түзүп, туроператорлор менен кызматташуу боюнча макулдашуулар болду. Мындан тышкары, түз авиакаттамдарды ачуу аркылуу бизге туристтердин санын көбөйтүү, жаратылышыбызды, маданиятыбызды таанытуу иштери бар. Алдыда Түштүк Чыгыш жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташуу болот. Кытай, Түштүк Корея, Япония сыяктуу өлкөлөр биздин өлкөгө кызыгышат, бирок аларга кызыктуу программа даярдоо керек", — деди Итибаев.
Ошондой эле адис эл аралык мамилелерди жакшыртып, ички жана тышкы инвестицияга көңүл буруларын кошумчалады.