Зарыл учурга деп каткан акчаны кризис учурунда кантип сактоо керек? Кеп-кеңеш

Каржылык коопсуздук жаздыкчасы — бул киреше булагы жок калган учурда бери дегенде 3-6 айга жете турган каражат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Экономикалык кризис учурунда каржылык коопсуздук жаздыкчасы катары сакталып турган акчага кантип кам көрүү керектигин финансы маселелери боюнча адис, ишкер Елена Парий түшүндүрүп берди. Анын пикирин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, каржылык коопсуздук жаздыкчасына өтө зарыл болмоюнча кол салбай жайына койгон туура.
"Жай турмуш кез же акчаны көбөйтүп алам деген ишеним бекем учур болсо, анда башка кеп. Бирок экономикалык кризис маалында зарыл учурда колдоном деп сары майдай сактап турган акчага тийбей эле койгон туура. Анткени кайсы бир нерсеге (анын ичинде кыймылсыз мүлккө дагы) акча салуу өтө кооптуу. Оңой менен акчаңызды чыгара албай калышыңыз мүмкүн", — деди Парий.
Ошондой эле ал акча курсунун туруксуздугунан улам паникага алдырып, шашылыш түрдө башка валюталарга алмаштырып жиберүүдөн дагы сак болууну сунуштады.
Каржылык коопсуздук жаздыкчасы — бул киреше булагы жок калган учурда бери дегенде 3-6 айга жете турган акча. Ошондой эле капыстан кармаган оору, ишмердик чөйрөнү өзгөртүү, үй-бүлөнү баккан адамдан ажырап калуу, үйдү же автоунааны шашылыш түрдө ремонттоо сыяктуу учурларда кереги тиет.
Ар бир адам өз тажрыйбасына жараша запаста акча кармоону талап кылган себептердин тизмегин толуктай алат.
Адис бизнестин өтөсүнө чыга албагандарга кеңеш берди