Сергей Лавров Бишкек бизнес-форумунун катышуучуларына каалоо-тилек айтты

Кыргызстандын борборунда Бишкек бизнес-форуму жана өнөр жай көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарага Россиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн ишканалары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн.- Sputnik. Бишкек бизнес-форумунун жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022/EXPO Eurasia 2022 өнөр жай көргөзмөсүнүн ачылышында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кайрылуусу окулду.
Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Россиядан жана башка бир катар өлкөлөрдөн келген ишканалар катышууда.
"Көргөзмө менен форумдун өткөрүлүшүн дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толушу менен байланышкан тарыхый окуя катары баалайм", — деген Лавров куттуктоосунда.
Ошондой эле ал эки өлкөнүн мамилеси достукка негизделип, стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенин белгилеген.
Лавров көргөзмө жана форум түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө татыктуу салым кошот деп ишенерин айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.
Бишкекте EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 өнөр жай көргөзмөсү ачылды