Бишкекте каракчылар өспүрүмдүн башына тапанча такап коркутушкан

Кылмышкерлер үйгө күндүз киришкен. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкекте каракчылар жеке турак жайга кирип барып, өспүрүмгө тапанча такап коркутушкан.
Октябрь райондук милициясынын маалыматына караганда, 15-июнь күнү Меслесхоз конушунун тургуну тартип сакчыларга кайрылып, анын үйүнө бет кап тагынган адамдар тапанча менен кирип келгенин билдирген.
Кылмышкерлер өспүрүмдүн башына тапанча такап ата-энесине телефон чалууну талап кылышкан. Алар акча кайсы жерде катылып турганын билгилери келген. Жыйнытыгында эч нерсе таппай, видеобайкоонун дисктерин чыгарып кетишкен.
Учурда тоноо фактысы боюнча иш козголуп, милиция шектүүлөрдү издеп жатат.
Ак-Ордодо түркүккө таңылган киши. Милиция окуянын чоо-жайын айтты