Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль: Батыш Москванын ишенимин эч качан кайтара албайт

24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Ошондон бери АКШ менен Батыш өлкөлөрү Украинага жан тартып, курал-жарак жагынан жардам берип келет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Украинадагы кризис узакка созулат жана Батыш өлкөлөрү Москванын ишеничин эч качан кайтара албайт. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Ооба, бул узакка созулган кризис болот. Ошол эле учурда биз Батышка мындан ары эч ишенбейбиз", — деди Песков.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Ошондон бери АКШ менен Батыш өлкөлөрү Украинага жан тартып, курал-жарак жагынан жардам берип келет. Ошондой эле Россияга каршы бир топ санкциялар киргизилген. Муну орус бийлиги экномикалык согуш деп баалап жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай Россиянын санкцияларга каршы эки көзүрүн атады