Пресс-борбор

Азык-түлүктүн баасын ооздуктоо. ЕАЭБде маанилүү чечим кабыл алынды

Мындай кадам өндүрүлгөн продукциянын баасын кармап турууга шарт түзүп, биримдиктеги өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. ЕАЭБде айыл чарба техникасынын айрым түрүнүн бажы пошлинасы убактылуу жокко чыгарылып, тариф жеңилдиги каралган кээ бир бөлүктөрүнүн тизмеси кеңейтилет. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий өкүлү Ия Малкина Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш жыйынынын жыйынтыгы менен Sputnik маалымат борборунда өткөн видеокөпүрө маалында билдирди.
Чечим өкмөттөр аралык кеңеш жыйынынын алкагында кошумча өткөрүлгөн ЕЭК кеңешинин отурумунда кабыл алынган.
“Мындай чара чет жактан жабдуунун келбей калышы жана логистикалык чынжырдын үзүлүшү менен кыйынчылыкка кабылган ЕАЭБдеги айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого багытталган. Бул чечим өндүрүлгөн продукциянын баасын ооздуктоого шарт түзүп, биримдиктеги өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жардам берет”, — деди Малкина.
Эскерте кетсек, бүгүн Минск шаарында Евразиялык өкмөттөр алардык кеңештин жыйыны болуп өттү. Ага ЕАЭБ мамлекеттеринин, байкоочу өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы катышты. Алар товарды идентификация каражаттары менен маркалоону ишке киргизүү, өнөр жай жаатында кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү маселелери менен биргеликте керектөөчүлөрдүн укугун коргоо программасын талкуулашты.
Пресс-борбор
ЕЭК биримдиктин өлкөлөрү үчүн келечектүү рынокту атады