Радио

Арстанбаев: 7 автомектеп өз ыктыяры менен ишмердүүлүгүн токтотту

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн улук инспектору Елкин Арстанбаев автомектептерге лицензия чексиз мөөнөткө берилерин айтты.
Sputnik
Жалпысынан республикада 270 автомектеп бар. Апрелден тарта алардын 193ү текшерилди. Бул тууралуу Елкин Арстанбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында автомектеп ээлерине 198 эскертме берилген.
"Өлкөдө жалпысынан 270 автомектеп бар. Ушул жылдын апрель айынан тарта 193үн текшердик. Алардын ичинен жетөө өз ыктыяры менен ишмердүүлүгүн токтотту. Мурдагыдан айырмаланып автомектептерге лицензия чексиз мөөнөткө берилет, бирок белгилүү мөөнөттөрдө текшерилип турат. Лицензия берүү Билим берүү жана илим министрлигине карап турганда беш жылга берилип келген. Лицензия алуунун талаптары бар. Автомектептин атайын багыттагы класстары болуш керек, бир адамга үч метр квадрат эсептелиши шарт. Автотетиктер орнотулган лабораториялары болуусу зарыл. Мындан сырткары, автодром, автоаянтачалары жана жети окуучуга бирден автоунаа, тиешелүү китептер, компьютер жабдыктары орнотулушу талапка ылайык", — деди Арстанбаев.
Ал автомектептерде тез жардам көрсөтүүчү класстары да болуусу керектигин кошумчалады.