Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык жалданма жоокер Украинанын армиясын "жиндиканага" салыштырды

Жоокер Украинанын Куралдуу күчтөрү бири-бири менен атышып кеткен учурлар көп болуп жатканын айтып ызаланган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Украина үчүн иштеп жаткан америкалык жалданма аскер украиналык армиянын аракеттерин "жиндиканага" салыштырды. Бул тууралуу РИА Новости журналист Сет Харптын Twitter баракчасына согушкер менен жазышуусун жарыялаган постуна таянып кабарлады.
Анын айтымында, Украинанын Куралдуу күчтөрү бири-бири менен атышып кеткен учурлар көп болуп жатат.
"Адамдар жок жерден өлүп жатат. Эми бул цирк да. Биз эки саат бою кармашкан душманыбыз Украинанын спецназы болуп чыкты. Акылга сыйгыс көрүнүш. Эгер ал болбогондо (ысымы жашырылган — ред.) мен мындай жиндиканага келмек эмесмин", — деген жалданма согушкер.
Ал ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрү мындан ары дагы ушундай эле жол менен кете берсе арты жакшы болбой турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын экс-подполковниги жашыруун кыйноо түрмөсүн көрсөттү. Видео