Ак-Ордодо түркүккө таңылган киши. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Эркек киши камакка алынган. Анын жакындары жарыяланган видеоматериал боюнча арыз жазуудан баш тартып, эч кандай доосу жок экенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Чүй облусунун ИИББи кечээ күнү ууру деп эркек кишини түркүккө таңып коюшкан окуя боюнча кенен маалымат берди.
Буга чейин социалдык тармакта жарым жылаңач кишини скотч менен таңып, төшүнө "Ууру" деген жазуусу бар кагаз чаптап коюшкан видео тараган. Окуя Сокулук районунда болгону айтылап, ИИББ эркек адам телефон жана башка буюмдарды уурдады деп шектелип жатканын билдирди. Милиция аны алып кетип, жергиликтүү тургундардын аракетине юридикалык баа берилерин кабарлаган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган киши 20-июнь күнү саат 15.00дөн 16.00гө чейинки аралыкта Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн бирине кирип бут кийим, уюлдук телефон алып из жашырып кеткени аныкталган. Материалдык зыян 14,5 миң сомду түзүп, жабыркаган 56 жаштагы аял арыз жазуудан баш тарткан.
ИИББ туугандары кармалган киши психиатриялык ооруканада каттоодо экенин, 2020-2021-жылдары дарыланганын айтканын кабарлады. Мындан улам ал өзүнүн аракеттерине жооп бере албайт.
"Шектүүнүн туугандары жарыяланган видеоматериал боюнча арыз жазуудан баш тартып, доосу жок экенин айтышты", — деп жазылган маалыматта.
Буга карабастан тергөө иши уланып жатат. Шектүү учурда Сокулук районунун ИИБинде убактылуу кармоочу жайда.
"Айрым кара ниет адамдар улут аралык чырды козутуучу маалыматтарды тарата баштады. ИИББ чагымчыл билдирүүлөрдөн оолак болуп, мындай аракет үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет", — дешти милициядан.
Аламүдүндө чет элдиктерге кол салып 3 млн. сомун алып кеткендер кармалды