Радио

Мирсадык уулу: таксилерге лицензия берүүчү мыйзам талкууда турат

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Мирсадык уулу Темирлан таксилерге лицензия берүү мыйзам долбоору боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.
Sputnik
Такси кызматын лицензиялоо боюнча сунушталган мыйзам долбоору учурда koomtalkuu.gov.kg порталында талкууда турат. Бул тууралуу Мирсадык уулу Темирлан Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мыйзам долбоорунда оң рулдуу автоунаалардын такси кызматына чыгуусу тууралуу да белгиленген.
"Таксилерге лицензия берүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып, учурда коомдук талкууда турат. Анда көпчүлүктө суроо жараткан оң рулдуу автомашиналар тууралуу да айтылган. Азырынча биз лицензия кантип, кандай шартта берилерин айта албайбыз. Талкуудан өтүп, мыйзам кабыл алынып ишке киргенде гана анын механимздерин сөз кылсак болот. Учурдан пайдаланып кыргызстандыктарды мыйзам долбоорун талкуулоого активдүү катышууга чакырам. Ар бир сунуш, пикир эске алынат. Мыйзам кабыл алынган соң ал жалпы коомчулукка пайда алып келүүсү үчүн азыртадан аны жакшылап талкуулашыбыз керек", — деди Мирсадык уулу.
Ал мыйзам кабыл алынса такси фирмалары жана жеке таксисттер үчүн лицензия берүүдө өтө деле чоң айырмачылык болбой турганын кошумчалады.