Роспотребнадзор: сасык тумоонун кийинки сезону өтө катуу болушу мүмкүн

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери сасык тумоо басаңдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кийинки сасык тумоо сезону мурункуларга караганда бир топ активдүү болушу мүмкүн. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова билдирди.
Андыктан дарыгер ар бир адам гриппке каршы эмдөөдөн өтүшү керек деп эсептейт.
"Соңку эки жылда сасык тумоо бир аз эс алды. Өткөн жылы жогорку көрсөткүчтөр болгон жок. Кийинки сезондо сасык тумоо өтө катаал өтүшү мүмкүн. Андыктан колдон келишинче эмдөөдөн өтүп алууну сунуштайт элем", — деди Попова.
Эске салсак, Кытайда 2019-жылдын соңку айларында пайда болгон COVID-19 вирусу дүйнөгө 2020-жылдын жаз мезгилинде тарап, пандемияга айланган. Вирусологдор жаңы вирус жайылгандан бери сасык тумоо басаңдап калганын айтышкан.
Сасык тумоологондор арбып жатат, алардын көбү балдар. Министрлик эскертти