Песков Европага газ жеткирүүдөгү көйгөйдүн негизги себебин айтты

Песков Россияда газ бар экенин жана аны жеткирүүгө даяр турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Европалыктар газ жеткирүү үчүн оңдолуп жаткан турбиналарды Россияга бербей жатат. Бул адам колу менен жасалган кризис. РФтин газы бар жана жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Россия ишенимдүү жеткирүүчү бойдон калат. Технологиялык көз караш менен алып караганда, бул куурлардын механикалык инфраструктурасы Европа биримдиги киргизген санкциялардын айынан жабыркоодо. Турбиналарга капиталдык ремонт жасалышы керектиги баарыбызга белгилүү. Кайсы бир куурлар ордуна кайтарылбай жатат, башкача айтканда, европалыктар ордуна койбой жатат. Так ушул себептен улам сордуруу иштери токтоп калды. Кризис Европа биримдигинин колу менен жасалды", — деди Песков.
Ал ошондой эле Россияда газ бар экенин жана өлкө аны жеткирүүгө даяр турганын белгиледи.
"Бирок европалыктар алган милдеттемесине ылайык ошол темирди оңдоп бериши керек", — деди Песков.
Каспийден мунай ташуу токтоду. Казакстандын энергетика министринин түшүндүрмөсү