Өзгөн районунун 62 тургуну Кореяга мезгилдик жумушка жөнөтүлдү. Сүрөт

Министрликте жарандарды жумушка узатуу боюнча салтанатуу иш-чара өткөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош облусундагы Өзгөн районунун 62 тургуну Түштүк Кореяга эмгектенүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
1 / 3

Ош облусундагы Өзгөн районунун 62 тургуну Түштүк Кореяга эмгектенүүгө жөнөтүлдү

2 / 3

Эки өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын ортосунда 21-апрелде жарандарды жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүлгөн

3 / 3

Эмгек министрлигинде бүгүн тургундарды узатуу боюнча салтанатуу иш-чара өткөрүлгөнү айтылды. Алар эртең Бишкектен чартердик самолет менен учуп кетишет.

Эки өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын ортосунда 21-апрелде жарандарды жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүлгөн.
"Өзгөн районунун 62 жашоочусу тандоодон өтүп, Кореянын Хамянг шаарына беш айлык мөөнөткө иштөөгө жөнөтүлдү. Алар айыл чарба тармагындагы мезгилдик жумуштарда иштешет", — деп айтылат маалыматта.
Эмгек министрлигинде бүгүн тургундарды узатуу боюнча салтанатуу иш-чара өткөрүлгөнү айтылды. Алар эртең Бишкектен чартердик самолет менен учуп кетишет.
Министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору ушул сыяктуу келишимдерге дагы да жетишүү үчүн Корея менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү иштерин уланта турганы кошумчаланды.
Эскерте кетсек, 18-июнь күнү Таластын 50 тургуну да аталган өлкөгө иштөө үчүн жөнөп кетти.
Мигранттардын түйшүгүн жеңилдеткен электрондук система ишке кирди. Чоо-жайы