Өзбекстанда оор кылмышка шектелип эки жыл изделген жаран Чүйдөн кармалды

Коңшу өлкөнүн ички иштер органдары кыргызстандык кесиптештерине өтүнүч менен кайрылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өзбекстанда оор кылмышты жасоого шектелип издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран Чүй облусунан кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, коңшу өлкөнүн 30 жаштагы жараны Б.И. өз мекенинде адам өлтүрүү, каракчылык жана сот белгилеген жазадан качуу беренелери менен айтыпталып, 2020-жылдан бери изделип жаткан.
Өзбекстандын ички иштер органдары аны кармоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кыргызстандык кесиптештерине кайрылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштердин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери аталган айыпкерди Чүй облусунун аймагынан колго түшүргөн. Аны өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси каралып атат.
Баткенде Тажикстандын милиция кызматкери баңгизат менен кармалды. Видео