Ошто коомдук тамактануучу жайдан өрт чыкты. Видео

Жеринде төрт өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ошто коомдук тамактануучу жайдан ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, өрт Курманжан датка көчөсүндөгү "Дамак" аттуу тамактануучу жайдан чыккан. Кадрдан анын жанында башка дагы соода пунктулары бар экенин көрүүгө болот.
Жеринде төрт өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат. Саат 12:30да өрт чектөөгө алынган, учурда толугу менен өчүрүү үчүн аракет көрүлүүдө.
Сууга чөгүп бараткан адамга кантип жардам берсе болот? Адистин кеңеши