Минскиде Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЕАЭБ жыйыны өтөт

Иш-чарага ЕАЭБдин өкмөт башчылары, интеграциялык бирикмедеги байкоочу мамлекеттер, ЕЭК коллегиясынын төрагасы катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. 20-21-июнь күндөрү Минск шаарында (Беларусь) Кыргызстандын төрагалыгы алдында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Иш-чарага ЕАЭБдин өкмөт башчылары, интеграциялык бирикмедеги байкоочу мамлекеттер, ЕЭК коллегиясынын төрагасы катышат.
Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы боюнча маселелер бар. Ошондой эле мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттор берилет.
Мындан тышкары, товарларды идентификациялоо жолу менен маркалоону киргизүү, артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарда кызматташуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча дагы сөз болот.
Россиялык компаниялар ЕАЭБ өлкөлөрүнө канат жаюуга ниеттенип жатат