Мэрия Бишкекке шашылыш түрдө автобус сатып алат

Убакыттын жана белгиленген мөөнөттүн чукулдугунан улам арыздар 22-июндун түнүнө чейин кабыл алынарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" автобустарды сатып алат. Биринчи этапта 100дү алат, экинчи этабында да ушул сандагы техника каралууда.
Кызыкдар болгон тараптар bpatp@meria.kg электрондук дарегине жазып, кайрылса болот.
Аларга кандай транспорт керек экендиги, тагыраагы, техникалык мүнөздөмөсүнө боюнча коюлган талаптарды жиберишет. Убакыттын жана белгиленген мөөнөттүн чукулдугунан улам арыздар 22-июндун түнүнө, саат 23:00гө чейин кабыл алынарын айтышты.
Бишкек мэри өлкөдө өндүрүлгөн автобустар кымбат экенин айтып, алуудан баш тартты