Миңдеген киши жүгү жок учту. Лондон аэропортундагы чемодан чуусунун видеосу

Лондондун "Хитроу" аэропортунда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам чемодандар учакка жөнөтүлбөй башаламандык жаралды.
Sputnik
he Daily Mail басылмасы билдиргендей, жүктү каттоо системасына доо кетип, миңдеген чемодандар менен сумкалар аэропорттун терминалдарында туруп калкан.
Аба майданынын кызматкерлери бардык жүктөрдү бир жерге чогултууга аргасыз болуп, жыйынтыгында каттоо учурунда тиешелүү чемодандар табылбай, кечигүүлөр болду.
Жүк маселесин чечүү үчүн каттамдардын 10 пайызы токтотулуп, дагы 15 миң жүргүнчү жабыркады.
Аэропорт жетекчилиги жүгү жок учуп кеткен жүргүнчүлөр чемодандарын бир нече күндөн кийин гана аларын айтышты.