Кызыл-Кыя шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Катуу селдин видеосу

Селдин кесепетинен 41 үй-бүлө чыгымга учураган, социалдык объектилер дагы жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Катуу селден улам Баткен облусундагы Кызы-Кыя шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү саат 18:00дөр чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам Жусубалиев, Ударная көчөлөрүндө сел жүрүп 24 турак жайдын короосун, 17 үйдүн ичин жана жер төлөсүн, социалдык объектилердин короолорун каптаган. Селден кийинки тазалоо иштерине ӨКМден 117 куткаруучу тартылып, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кызыл-Кыяга барып жергиликтүү тургундар менен жолугуп, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирген.
Селден улам Аксыга өзгөчө кырдаал режими киргизилди