Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси алмашты

Башкармалыкты жетектеп келген Назгүл Лосникованын эмне себептен иштен алынганы айтылган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Айнура Арстанбекова Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Айнура Арстанбекова Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалды
Буга чейин ал Ленин райондук акиминин орун басары болуп иштеген. Башкармалыкты жетектеп келген Назгүл Лосникованын эмне себептен жумуштан алынганы айтылган жок.
Мындан тышкары, Ленин райондук билим берүү борборун Таалайгүл Темирканова жетектемей болду.
Тийиштүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп дайындалды