Чүйдө банктан жасалма паспорт менен 4 млн. сом алып кетишкен

Шектүүлөр эки жылдан ашык убакыттан кийин кармалды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкектин четинен белгисиз адам жасалма паспорт менен банктын депозиттик эсебинен 4 миллион сом алып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Эки күн мурда шектүүлөр кармалды. Алардын бири мурда банктын филалында иштегени аныкталды.
2020-жылдын февраль айында Ысык-Ата райондук милициясына банк кызматкери кайрылган. Ал жасалма паспорт колдонуу менен депозиттик эсептен ири суммадагы акчаны чыгарып кеткен кишиге чара көрүүнү өтүнгөн.
Кылмышкер эсептен алгач 350 миң сом, кийинки күнү 3 миллион 845 миң сом алган.
Эки күн мурда шектүүлөр кармалды. Алардын бири мурда банктын филалында иштегени аныкталды.
Бети ачылбаган иштерди моюнга илген! Ошто милиционерлерге 9 иш козголду