Кутманалы Султанбеков дүйнөдөгү 9 виртуоз ооз комузчунун катарына кирди

Эл аралык сынакка 11 өлкөдөн 38 өнөрпоз катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин ага окутуучусу Кутманалы Султанбеков тогуз дүйнөлүк виртуоз темир ооз комузчунун катарына кирди. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
17-июнда Саха субъектинин Якутск шаарында "Дүйнөнүн мыкты темир ооз комузчу виртуозу" III эл аралык сынагы өтүп, анда тогуз мыкты аткаруучу аныкталган. Виртуоз аткаруучулар арасында Кыргызстандан барган Султанбеков дагы мыкты аталган. Ошондой эле ал Германиянын темир ооз комузчулар ассоциациясынын президентинин чакыруусун алгандыгы белгилүү болду.
Дүйнөлүк виртуоз деген ардактуу наам үчүн 9 өлкөдөн жана 11 аймактан 38 катышуучу ат салышкан.
Жеңүүчүлөргө "Дүйнөнүн виртуоз темир ооз комузчусу" деген жазуусу бар күмүш медалдар, ошондой эле ар бирине 50 000 рублден акчалай сыйлык ыйгарылган.
"Эл ырчысы Эстебес" тобу Нарынга барып эки күн концерт коёт