Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Убакыт-сааты

Беттештер күн сайын саат 10:30да башталып, 18:00дө финалдык таймаштар болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алды.
1 / 3

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты старт алды

2 / 3

Спорттук иш-чаранын расмий ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун президенти Даулет Турлыханов, Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун вице-президенти Ахрол Рузиев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты

3 / 3

Салтанатта Жапаров сүйлөп, мелдешке 40ка чукул өлкөдөн 2000ден ашуун балбан катышып жатканын белгиледи.

Спорттук иш-чаранын расмий ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун президенти Даулет Турлыханов, Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун вице-президенти Ахрол Рузиев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.
Салтанатта Жапаров сүйлөп, мелдешке 40ка чукул өлкөдөн 2000ден ашуун балбан катышып жатканын белгиледи.
"Катаал шарттуу жерден абдан күчтүү адамдар чыгат. Күчтүү адамдар акыйкат болот. Акыйкаттык тынчтыкка алып келет. Кара күч килем үстүндө, акыл күчү жаратмандыктан көрүнөт. Спорт тынчтыкты каалайт, биз тынчтык үчүн көрөшөбүз. Азия чемпионатында күчтүүнүн күчтүүлөрү жеңсин", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Олимпиададан ийгилик жараткан кыргыз балбандары: Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова, дүйнө чемпиондугун жети ирет коргогон Валентина Шевченко жана башка спортчулар менен сыймыктанарын билдирди.
Белгилей кетсек, жаштар (U23) жана өспүрүмдөр (U17) арасындагы Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат.
Беттештер күн сайын саат 10:30 да башталып, 18:00дө финалдык таймаштар болот. Чемпионат "Бишкек-Арена" муз аянтчасында өтүүдө.
Кечээ, 19-июнда, мелдештин биринчи күнү, грек-рим күрөшү боюнча эркектер арасында 7 салмак категорияда ( 45, 48, 51, 55, 60, 92 жана 110 килограмм) беттеш өттү.
Кечки Бишкек, көчөнү толтура чуркаган жөө күлүктөр. Түнкү жарыштан 15 сүрөт