Карга оонап, силкинип, дронду таңыркай карап. Тоодогу илбирстин видеосу

Мындай кадрларды тартыш үчүн авторлор тоого лагерь кылып, ал жакта эки айга чейин жашаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Казакстандагы Иле Ала-Тоосунда карга оонап, жалгыздап эс алып жүргөн ак илбирсти видеого тартып алышкан. Бул туурасында Sputnik Казакстан Telegram каналына маалымат жайгаштырды.
Сырттан караган кишини кызыктырып жана суктандырган бул видеону анын авторлору Wild Side YouTube каналына жайгаштырган. Мындай кадрларды тартыш үчүн алар тоого лагерь кылып, ал жакта эки айга чейин жашаган.
Кадрдан бир топ эле чоң илбирстин күрткүгө тыгылып, кайра чыгып, бирде секирип, бирде карга оонап, туруп, силкинип, ары таштан-ташка секирип жүргөнүн көрүүгө болот.
Ал эми дрон анын үстүнө жакындап келген жогору жакты таңыркай бир саамга тиктеп турганы да видеого түшүп калган.
Радио
Мадиев: Кыргызстандын тоолорун 380дей ак илбирс байырлайт